Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Ишкерлер бирикмелери референдум өткөрүүнү колдошту


Бишкектин “Хаят” мейманканасында Убактылуу өкмөттүн бир катар жетекчилери жана ишкерлер бирикмелери 27-июнда өтүүчү жалпы элдик референдумга коюлуп аткан баш мыйзамдын долбоорун талкуулашты. Талкууга Кыргызстандагы чет элдик элчилер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да катышышты.

Талкуу учурунда ишкерлер коомчулугу 27-июнга белгиленген жалпы элдик референдумду белгиленген мөөнөттө өткөрүү керектигин белгилеп, баш мыйзам долбоорунун айрым беренелери боюнча суроолорго жооп алышты. Ишкерлердин суроолоруна Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, Конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун жетекчиси Өмүрбек Текебаев жооп берди. (IJz)

XS
SM
MD
LG