Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:09

Нью-Йоркто жардыруу жасагысы келген жигит күнөөсүн мойнуна алды


Теги боюнча пакистандык, АКШнын жарандыгын былтыр алган Файзал Шахзад сотто көрсөтмө берген учурунда ага коюлган он айып боюнча тең күнөөсүн моюнга алды. Ал Нью-Йорктун борбордук Таймс-сквер аянтына быйыл 1-май күнү жардыруучу затка шыкалган автоунааны токтотуп кеткени үчүн айыпталууда. Шахзад мындан эки күндөн кийин Нью-Йорктун аэропортунан Дубайга учуп кетүүгө аракеттенип жаткан кезинде кармалган. Жардыруу ишке ашкан эмес. Шахзад эми соттун 5-октябрга белгиленген кийинки отурумунда өмүр боюу түрмөгө кесилери күтүлүүдө. Ал буга чейин бомба жасоо боюнча Пакистанда машыгуудан өткөнүн билдирген. Кабарларга караганда, Талибандын Пакистандагы бөлүмү катары эсептелген Техрик –е-Талибан уюму ага Нью-Йоркто ишке ашпай калган жардыруу үчүн 12 миң доллар акча берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG