Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:35

Француз футболу “моралдык кыйроону” баштан кечирүүдө


Өлкөнүн спорт министри Розлин Башлонун айтымында, Франциянын бедели футбол боюнча курама команданын Түштүк Африкадагы чемпионат учурундагы жоругунан улам олуттуу зыян тартты. Ал кечээ оюнчулар менен жолугушкандан кийин кабарчылар менен маегинде француз футболу “моралдык кыйроону” баштан кечирип жатканын белгиледи. Француз футболчулары мурда күнү машыгууга жапырт чыкпай койгон эле. Мындай кадамы аркылуу алар машыктыруучу Раймон Доменектин чечимине нааразылык билдиришкен. Машыктыруучу Николя Амелька ысымдуу чабуулчуну командадан чыгарган болчу. Ал Мексика менен мелдеш учурунда машыктыруучунун дарегине кордогон сөздөрдү айткан. Мелдеш Франциянын 2:0 эсебинде утулуусу менен аяктаган. Дүйнөлүк чемпионаттын кийинки айлампасына кириш үчүн Франция бүгүнкү беттешүүдө Түштүк Африканы жеңүүсү керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG