Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:02

Стамбулдагы жарылуудан үч адам каза тапты


Түркиянын маалымат каражаттарынын кабарларына караганда, Стамбулда аскерий адамдарды салып баражаткан автобустун жанында болгон жарылуудан үч адам каза тапкандан тышкары, кеминде алты киши жаракат алган. Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Окуя Түркия аскерлерин Ирак менен чек арасына жайгаштыра баштагандан бир күндөн кийин болду. Аскерлер күрд согушкерлеринин өткөн ишембидеги жортуулунан кийин жайгаштырылууда. Анда 12 түрк аскери каза тапкан эле. Түрк аскерлеринин Ирак менен чек арага жайгаштырылуусу Күрд Жумушчу партиясынын согушкерлеринин базалары Түндүк Иракта да бардыгы менен байланыштуу.

XS
SM
MD
LG