Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

Орусия Белоруска газ берүүнү кыскартты, Белорус Еврога газды бууду


Орусия Белоруска газ берүүнү 30 процентке азайтканын “Газпром” компаниясынын башчысы Алексей Миллер бүгүн маалымдады. Буга жооп кылып, президент Александр Лукашенко Белорус аркылуу Европага газ өткөрүүнү токтотту. Лукашенко мындай билдирүүнү Минскиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алган соң жасады.

Москва Белорустун карызына байланыштуу 21-июнда газды берүүнү 15 процентке кыскарткан жана Минск 192 миллион доллар карызын төлөбөсө, газды берүү 85 процентке чейин азайтылат деп эскерткен.

“Газпромдун” өкүлү бүгүн билдиргенге караганда, Белорус газ азайтылса, Европага аталган газдан алып пайдаланарын айтып коркуткан.

XS
SM
MD
LG