Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Ыстамбул: Түркиянын армиясы төрт жоокерин жоготту


Ыстамбулга чукул жерде аскерлерди тартып бараткан автобуста бомба жарылып, төрт аскер өлдү. Дагы алты аскер жарадар болгонун Түркиянын маалымат булактары кабарлашты. Бомба чабуулу үчүн эч ким өзүнө жоопкерчилик албады. Ыстамбулдун мэри Хусейн Айни Мутли бүгүнкү маалымат жыйынында буларды айтты:

- Жолго коюлган бомба жарылып, төрт кишибизди жоготтук. Алыстан башкарылчу бомба аскерлерди тарткан автобусту бутага алды. Набыт болгондордун үчөө сержант, бирөө катардагы жаран.

Күрт козголоңчуларынын чабуулунан улам Түркия дүйшөмбү күнү Ирак менен чектеш аймактарына кошумча аскер тарта баштаган.

Өткөн жумадан бери Күрт жумушчу партиясынын согушчандарынын чабуулунан Түркия 12 жоокерин жоготту. Күрт эрегишчилери 1984-жылдан тарта Түркиянын күрттөр жыш жашаган түндүк чыгышында автономия түзүү үчүн күрөшүп келет. Өткөн апта соңунда Күрт жумушчу партиясы Түркиянын шаарларына каршы чоң жортуул башталат деп коркуткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG