Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:23

Франция футболу "моралдык апаатта"


Түштүк Африкадагы дүйнөлүк футбол чемпионатында улуттук команданын машыктыруусуна каршы көтөрүлгөн оюнчулар Франциянын кадыр-баркын түшүрдү. Мындай билдирүүнү Франциянын спорт министри Розлин Башло айым жасады.


- Мен француз командасы менен болгон жумушчу кездешүүдө Францияда футбол моралдык кыйроо алдында турганын айттым. Алар оюнду уттурганы үчүн эмес, кыйроо моралдык кыйроо болгону үчүн айттым.

Өткөн жумада Франция-Мекскикага 0:2 эсебинде уттургандан соң атактуу чабуулчу Николас Анелка устаз Раймонд Доменикке каяша сүйлөгөнү үчүн командадан айдалып, Францияга жөнөтүлгөн. Буга нааразы болгон футболисттер жекшемби күнү машыгууга чыкпай коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG