Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Ошто коменданттык саат кыскартылды


Ош облусунун жана Ош шаарынын өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарында коменданттык саат үч саатка кыскартылды. Бул тууралуу Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков Ноокат районуна барган учурунда билдирди.

Мурда өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда коменданттык саат кечки саат 18:00дөн таңкы 06:00гө чейин болсо, эми 21:00дөн 06:00гө чейин болмокчу. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG