Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

К.Дүйшөбаев: К.Батыров өлкө аймагында жок


Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев кечээ журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, «Ватан» партиясынын лидери Кадыржан Батыров Кыргызстандын аймагында жок. Бирок Жалал-Абаддагы коогалаңда активдүү катышып, иш-чараны өткөрүүгө акча тараткан делип анын жакын санаалаштарынан ондогон адам кармалган.

14-майда Жалал-Абад шаарында башаламандыкты уюштурду делип шектелип, өзбек диаспорасынын маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Батыровго кылмыш иши козголгонун 20-майда Жалал-Абад боюнча Убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү Исмаил Исаков билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG