Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Оштогу башаламандыктар боюнча кылмыш иштери козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 18-июнда Ош шаары жана облус боюнча каза болгон 195 адамдын сөөгү табылып, алардын 122си ок тийип мерт болсо, 73чү жаракаттан жана күйүктөн өлгөн.

Ош шаары боюнча ведомостволор аралык тергөө тобу тарабынан 67 кылмыш иши козголуп, 22 адам кармалган. Анда массалык башаламандык, зомбулук менен өлтүрүлгөн өлүктөрдүн табылганы боюнча 13 кылмыш иши козголгон, адам уурдоо фактысы боюнча 4, адам өмүрүнө коркунуч туудуруп, бөлөк бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылуу боюнча 2 кылмыш иши козголгон. Бул иштер оюнча 84 экспертиза жүргүзүлгөн. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG