Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:49

Легитимдешүү процессин талкуулаган курултай башталды


Бишкектин Кожомкул атындагы спорт ордосунда Назарбек Нышанов жетектеген “Кыргызстан патриоттук партиясы” уюштурган курултай башталды. Н.Нышанов “Азаттыкка” билдиргендей, курултайда өлкөнү легитимдештирүү процесстери жана Баш мыйзам талкууга алынат. Анын айтымында, курултайга өлкөнүн туш тарабынан делегаттар келиши күтүлүүдө.

“Убактылуу өкмөт азыр өзү толук легитимдүү эмес. Ошол себептүү алар референдум чакыра албайт. Муну курултайлар аркылуу чечүү керек”,- дейт Н.Нышанов.

Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айтымында, референдумду өткөрбөй созо берүү өлкө келечеги үчүн коркунучтуу. “Референдумга бут тоскондор, аны жылдырууну көздөгөндөр жана түрдүү ушак-айыңдарды тараткандар - Убактылуу өкмөттү кулатууну, өлкөдөгү жүрүп аткан реформаларды талкалоону жана бийликти басып алууну каалашат”,- дейт Убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев. (IJz)

XS
SM
MD
LG