Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Түштүк аймагы боюнча энергетика өкүлү дайындалды


Ош жана Жалал-Абад облустарындагы башаламандыктардын жыйынтыгында пайда болгон маселелерди жеринде, оперативдүү түрдө чечүү үчүн Отун-энергетика министринин буйругу менен министрликтин Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү дайындалды.

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча Отун-энергетика министринин атайын өкүлү болуп, Акылбек Түмөнбаев дайындалды. Ага аймактагы отун-энергетика комплексинин туруктуу иштешин камсыз кылуу, объекттердин жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу иштери тапшырылды. (IJz)

XS
SM
MD
LG