Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

АКШ администрациясы мунай бургулоого жаңы мораторий киргизет


Өлкөнүн ички иштер министри Кеннет Салазардын айтымында, ал президент Барак Обаманын Мексика булуңунда суунун тереңинен мунай бургулоого мораторий жарыялоосун колдогон буйрукту алдыдагы күндөрү чыгарат. Ички иштер министринин бул билдирүүсү алдында АКШнын Федералдык сотунун судьясы мораторий киргизилүүсүнө каршы чечимин чыгарган. Администрация өкүлдөрүнүн айтымында, алар сот чечимине каршы аппеляциялык арыз берет. Мораторий Мексика булуңунда мунацй бургулоочу платформа жарылып, деңизге өтө ири өлчөмдө кара май куюлуп кеткенден кийин киргизилүүдө. Президент Барак Обама ал кырсыкты АКШнын тарыхындагы эң ири “экологиялык алаамат” деп атаган.

XS
SM
MD
LG