Полициянын маалыматына караганда, наркомафиянын ана башы деп эсептелген Кристофер Коук өлкө борбору Кингстондун чет жакасынан кармалды. Аны кармоону жана өткөрүп алууну АКШ да көздөп жүргөн. Өткөн айда Ямайканын коопсуздук күчтөрү Коукту кармоого аракеттенгенде тутанган кагылыштардан кеминде 73 киши мерт болгон.