Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:44

Орусия президенти иш сапары менен АКШда жүрөт


Ал АКШдагы үч күндүк сапарын Калифорния штатынан баштады жана губернатор Арнольд Шварценеггер менен жолукту. Бүгүн жогорку технологиянын борбору катары эсептелген Силикон өрөөнүн кыдырат. Ошондой эле Стэндфорд университетинде сөз сүйлөйт. Медведев көздөгөн мүдөө боюнча Орусия чийки зат чыгарган өлкөдөн жогорку технологиялуу мамлекетке айлануусу керек. Калифорниядан соң Орусия президенти Вашингтонго барат. Бейшембиде АКШ президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Чоң сегиздин жана Чоң жыйырманын саммиттерине катышуу үчүн Канадага жол тартат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG