Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Бир күндүн ичинде 10 миң 624 качкын кайтып келди


Бир күн ичинде Өзбекстандан 10 миң 624 качкын артка кайтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын жетекчисинин орун басары Чолпонбек Турусбеков маалымдады. Алардын ичинен 81 адам “Кызыл-Кыя” өткөрмө пунктунан, 14 адам “Маданият” пунктунан, 53 адам “Кайрыгач”, 52 адам “Халмион”, 79 адам “Арпа-Сай” пунктунан өткөрүлгөн.

Ал эми эң көп качкын өткөн жай “Ак-Буура” чек ара бекетинде болуп, ал жерден 3 миң 850 адам өткөн. “Сүрөө-Таш” менен “Арашан” бекетинен бир жарым миңден өтсө, “Сузак” бекетинен 3 миң 205 адам, “Момбеков” бекетинен 129 адам өткөрүлгөн.

Ч.Турусбековдун айтымында, өткөн түнү өлкөнүн бардык чек ара тилкелери сыяктуу эле кыргыз-өзбек чек ара тилкелери да тынч жана стабилдүү сакталды. (IJz)

XS
SM
MD
LG