Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Орусия Кыргызстанга тогуз тик учак берет


Бул тууралуу Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев билдирүү жасады. “Интерфакс” агенттигинин билдирүүсү боюнча, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Кыргызстандагы баш аламандыктарга байланыштуу көмөк көрсөтүү программасынын алкагында, 9 тик учак бөлүү каралды. Андан тышкары ЖККУ Кыргызстандын милициясын техникалык каражаттар менен жабдууга жардам бермекчи.

Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, ЖККУ буга чейин Кыргызстанга техникалык жактан жардам берүүгө сөз берген болчу. Сүйлөшүүүлөрдүн негизинде жети же сегиз тик учак берүү маселеси каралган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG