Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:40

ЖККУ Кыргызстанга жардам берүү чечимин кабыл алды


Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кыргызстанга жардам берүү боюнча чечим кабыл алганын билдирди.

Анын негизинде ЖККУ Кыргызстанга 9 тик учак, сооттолгон унааларды жана милиция кызматкерлерине керектүү жабдыктарды бермей болду. А.Орозовдун айтымында, согуштук куралдар берилбейт. Аталган техникалык жардамдар бир жуманын аралыгында келиши керек.

“Келе турган тогуз тик учакты Орусия берет болушу керек. Андан тышкары кырдаалды турукташтырууга жардам берип, баш аламандыктарды уюштурган кылмыш топторун кармоого көмөктөшүү үчүн эксперттер тобу да келет. Биз техникалык жана адистик жардамдарды сурап атабыз. Кырдаалды турукташтырууга өзүбүздүн күч жетиштүү”,- дейт А.Орозов.

Ошондой эле анын айтымында, келе турган 9 тик учак кандай негизде келери жана аларды кийин кайтарып берүү же бербөө маселеси азырынча сүйлөшүлө элек. “Бирок биз ал тик учактарды биротоло калтырууну сурайбыз”,- дейт ал. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG