Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Тышкы иштер министрлигинин түштүк өкүлчүлүгү имаратсыз калды


Тышкы иштер министрлигинин түштүк боюнча өкүлү Бакыт Юсуповдун “Азаттыкка” кабарлашынча, мекеме кызматкерлери алты айдан бери кеңсесиз отурушат. 1995-жылы Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын жетекчилеринин өтүнүчтөрүнүн негизинде уюшулган өкүлчүлүк Ош облустук акимчилигине караштуу жети бөлмөдө жайгашып, толук кандуу иштеп келаткан. Бул имараттын жарымына жыл башында түштүк борборунун мэриясы көчүп киргенден кийин ТИМдин Оштогу кызматкерлери имаратсыз калган. Бакыт Юсуповдун ырасташынча, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин маселени чечүүгө көмөктөшүүсүн суранып, жергиликтүү жетекчилерге бир нече ирет кайрылуусунан майнап чыга элек. Ошол себептүү ТИМдин түштүк өкүлчүлүгү эл аралык жана аймактык деңгээлдеги ар түрдүү жолугушууларды, ошондой эле өтө маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө олуттуу кыйынчылыктарга тушугууда.

Ош облусунун жана шаарынын жетекчилиги акыркы учурдагы окуялар Тышкы иштер министрлигинин түштүк өкүлчүлүгүнүн кеңсе көйгөйүн чечүүгө жолтоолук кылып жаткандыгын билдиришти. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG