Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Европанын айрым өлкөлөрүнө орус газы аз келе баштады


Европарламенттин башчысы Ежи Бузек ырастагандай, газдын азайганы Литвада,Полшада жана Германиянын чыгыш бөлүктөрүндө сезилди. Бузектин айтымында, бул маселеде европалык керектөөчүлөр күн мурунтан маалымдар кылынган эмес, мындай шартта алар алдын-ала даярдыктарды көрүшмөк. Мындан бир күн мурда белорус президенти Александр Лукашенко Евросоюзга жөнөтүлө турган газ транзитин 30 процентке кыскартууга көрсөтмө берген эле. Ага чейин орустардын "Газпром" компаниясы Белоруссияга берилип жаткан "көгүлтүр отундун" көлөмүн 60 процентке азайткан. "Газпромдун" эсебинде мурдагы айлар үчүн белорус тарабынын топтолгон карызы 192 миллион долларга жетти. Лукашенко болсо "Газпром" транзит үчүн Минскиге 200 миллион доллар карыз деп билдирди.

XS
SM
MD
LG