Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

“БИР” кыймылы референдумга катышууга чакырат


“БИР” кыймылы Кыргызстан элине кайрылуу жасап, өлкөнү референдум аркылуу укуктук талаага түшүрүү үчүн 27-июнда болуучу референдумга катышууга чакырды.

“БИР” кыймылынын кайрылуусуна белгилүү коомдук ишмерлер Ишенбай Абдуразаков, Арон Брудный, Садык Шер-Нияз, кинорежиссер Темир Бирназаров, маданият ишмерлери Саламат Садыкова, Каныкей Эралиева, Гүлнур Сатылганова, Бактыгүл Бадыева, Мирбек Атабеков, Салтанат Саматовалар, Кыргызстан элдери ассамблеясынын төрагасы Равшанбек Сабиров, “Иттипак” уйгурлар коомунун төрагасы Дилмурат Акбаров сыяктуу коомдук жана маданият ишмерлери, окумуштуулар кол коюшкан.

“Түштүктөгү кайгылуу окуя – бул, биринчи кезекте, өлкө бийлигинин мыйзамдашпаганынын жыйынтыгы, бийликти легалдаштырууга жол бербеген жана өлкөнүн өнүгүүсүн кыйраткысы келген деструктивдүү күчөтөрдүн каалоосу. Биз, Кыргыз Республикасынын жалпы атуулдарын өз келечегин курууга салым кошуу үчүн 27-июнда референдумга катышууга чакырабыз” деп айтылат кайрылууда. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG