Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:41

Жабыр тарткан балдар үчүн республикалык штаб түзүлдү


Убактылуу өкмөттүн жарлыгы менен Ош, Жалал-Абад облустарындагы жана Ош шаарындагы баш аламандыктардан улам жабыркаган жетиле элек балдарга, багар көрөрү жокторго кам көрүү максатында аларды кабыл алуу жана убактылуу жайгаштыруу боюнча республикалык штаб түзүлдү.

Ага ылайык, аталган аймактардын жетекчилиги түзгөн тизменин негизинде келген балдарды республикалык штаб кабыл алып, биринчи кезекте алардын муктаждыктарын чечип, алардын укуктарын жолго коюу максатында тиешелүү документтер менен камсыз кылып, балдардын Ысык-Көл облусундагы дарылануучу жайларда эс алуусу жаатындагы маселелерди чечишмекчи.

Аталган штабдын иштерин жүзгө ашыруу үчүн Билим берүү министрлиги, Транспорт жана байланыш министрлиги, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясы, Ички иштер министрлиги, Каржы министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Ош жана Жалал абад облустарынын мамлекеттик администрациялары жана Ош шаар мэриясы биргеликте иш алып барышмакчы. Аталган тапшырманы ишке ашырууну Убактылуу өкмөттүн аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмү көзөмөлдөмөй болду. (IJz)

XS
SM
MD
LG