Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:36

Кыргызстанга 57 миң 539 качкын кайтып келди


Кыргызстанга ушул күнгө чейин өлкө түштүгүндөгү баш аламандыктардан улам Өзбекстанга кире качкан 57 миң 539 качкын кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, Коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков маалымат жыйынында билдирди.

Ош жана Жалал-Абад облустарында 11-июнда башталган баш аламандыктардын натыйжасында 75 миңден ашуун качкын Өзбекстандын чегине өтүп, чек арага жакын жердеги убактылуу лагерлерде баш калкалоого аргасыз болушкан. Абал турукташа баштагандан бери Кыргызстандын жетекчилиги Өзбекстан тарап менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, качкындарды кайра артка кайтаруу иш-чараларын ишке ашыра башташкан. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG