Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Токтогулда Бишкек-Ош жолу тосулду


Бул тууралуу болуп жаткан окуяга күбө Жеңиш Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Токтогул районунун мурдагы акиминин милдетин аткаруучу, 7-апрелде Элдик ыңкылаптын активдүү катышуучусу Тынычбек Иманалиевдин 500гө чукул тарапкерлери Жаныш Бакиевдин аяш иниси Арыстанбек Сатылгандын аким болуп дайындалганына нааразы болушуп жолду тосушту.

“Чогулган эл Убактылуу өкмөт деле Бакиевдерге кошулуп кетти деп нааразы болушуп, Т.Иманалиевди кайра аким кылып дайындоо талабын коюшууда”,-дейт Ж.Асанов.

Райондун прокурору менен Ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси чогулган элди мыйзамды бузбоого, жолду тоспой тарап кетүүгө чакырды.

25-майда Токтогул районундагы Жаңы-Жол айылындагы “Бабур” кафесинде өтүп жаткан мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кечесине Токтогул районунун акиминин милдетин аткаруучу Тынычбек Иманалиев мас абалында барып, жаңжал чыгарып милициянын эки кызматкерине кол көтөргөнү тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымат тараткан.
Т.Иманалиев Убактылуу өкмөттүн буйругуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулган болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG