Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Ошто шайлоо комиссиянын уурдалып кеткен 5 мүчөсү бошотулду


Бул тууралуу БШКнын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” билдирди. Айрым массалык маалымат каражаттары бүгүн Ошто жергиликтүү шайлоо комиссиясынын 5 мүчөсүн белгисиз адамдар уурдап кеткенин БШКнын басма сөз кызматына шилтеме жасап маалымат таратты. Анда, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, өзбек улутундагы 5 аял шайлоо укугу боюнча сабактан кайтып баратканда белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын алар менен чогуу жүргөн аял окуя болгон жерден качып чыгып, тиешелүү жерге кабарлаганы айтылат.

27-июнда референдумга жаңы Конституциянын долбоору коюлат. Учурда референдумга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү башталганын БШКдан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG