Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Ош облусунун коменданты ЕККУнун элчиси менен жолугушту


Ош облусунун коменданты Бакытбек Алымбеков кечээ Ош шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлү, элчи Эндрю Тесорьер менен жолугушту.
Комендант түштүкөгү өзгөчө кырдаал киргизилген аймактардагы абал боюнча маалымат берип, кырдаал көзөмөлгө алынып, абал турукташып келатканын билдирди. Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, элчи Эндрю Тесорьер ЕККУ Кыргызстандын тартип коргоо органдарына Оштогу кырдаалды жөнгө салып, коомдук тартипти калыбына келтирүү боюнча ар тараптуу жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG