Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

ЕККУ Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнү кароодо


Бул тууралуу Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Кильюнен кечээ маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эл аралык полиция күчтөрү Ош, Жалал-Абаддагы окуялардын келип чыгышын иликтөөгө, качкындардын коопсуздугун камсыздоого жардам берип, Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууга көмөктөшөт. Ал Ош жана Жалал-Абаддагы кагылышуулар боюнча Кыргызстанда иликтөө башталгандыгын, бирок окуяга туура баа берүү үчүн көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүү зарыл экендигин белгиледи.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кечээ ЕККУнун Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Киммо Кильюненди кабыл алып түштүктөгү окуя жана алдыдагы референдум тууралуу маалымат берди. (AJ)

XS
SM
MD
LG