Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Референдумда качкындардын добуш берүүсү камсыздалат


Убактылуу өкмөт кечээ “2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуяда паспортун же документин жоготкон атуулдардын референдумга катышуу укугунун кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү жөнүндө” декретин кабыл алды. Ага ылайык өткөн аптадагы түштүктөгү коогалаңда жашаган жерин таштап, өлкөнүн башка аймактарына кетүүгө аргасыз болушкан качкындардын тизмесине кирген атуулдар добуш бере турган күнү референдумдун участкалык комиссиясынын имаратына барганда референдумга катышуучулардын кошумча тизмесине киргизилет. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG