Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

Москвада Кыргызстандагы абал талкууланды


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын мүчөлөрүнүн демилгеси менен Москвада “Орусия-Кыргызстан: жаңы мезгилдин шартындагы диалог” деген аталыштагы эксперттик кеңешме өткөрүлүп, ага Кыргызстандык белгилүү саясатчылар, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары катышты. Анда Кыргызстандагы акыркы мезгилде орун алган окуялар, түштүктөгү коогалаңдын себептери тууралуу абдан маанилүү маалыматтар айтылып, өлкөдө туруктуулукту орнотуу, улуттар аралык кагылуушуну токтотуу, саясий кризисти чечүүнүн жолдору талкууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын депутаты Антон Беляков “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка караганда бул иш чарага мурдагы президент А.Акаев, мурдагы премьер-министр А.Муралиев, коомдук ишмер Н.Касиев, экс-спикер З.Курманов, өзбек диаспорасынын лидери А.Сабиров, диний башкармалыктардын өкүлдөрү катышкан. Эксперттик кеңешмеге Убактылуу өкмөт атайын чакырылганы менен бир да мүчөсү катышкан эмес. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG