Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

АКШ чечен согушкерлеринин лидерин террорчу деп тааныды


АКШ террорчулардын тизмесине киргизгенине байланыштуу эми Доку Умаров менен иш кылган жеке адамдарга, компанияларга санкция салынат. Ошондой эле Умаровдун өзүнүн активдери камакка алынат. Өзүн “Кавказ эмиратынын Эмири” деп жарыялаган Доку Умаров буга чейин Орусия аймагындагы бир нече террордук чабуулдар, анын ичинде быйыл мартта Москванын метросунда орун алган бомба чабуулдары үчүн жоопкер болгон. Ал террорчу деп таанылганы тууралуу Орусия президенти Дмитрий Медведев иш сапары менен АКШда жүргөн кезде жарыяланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG