Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

Беларус Орусияга эскертүү жасады


Өлкөнүн биринчи вице-премьер министри Владимир Семашконун билдиргенине караганда, эгер бүгүн Москва убактысы боюнча саат 11ге чейин "Газпром" компаниясы транзит үчүн топтолгон 260 миллион доллар карызын төлөбөсө, Беларус аймагы аркылуу орусиялык мунай-газдын агымы токтотулат. Минсктен түшкөн бул эскертүүнүн алдында "Газпром" Беларусту көздөй кетип жаткан көгүлтүр оттун басымын кечээ үчүнчү ирет азайткан эле. "Газпромдун" эсебинде, Беларус көгүлтүр от үчүн 192 миллион доллар карыз. Беларус кечээ 187 миллион доллар которгондугун жарыялады. "Газпром" акча түшө электигин айтууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG