Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

АКШ президенти Ооганстандагы командачыны алмаштырды


Барак Обаманын билдиргенине караганда, ал генерал Стэнли МакКристалдын кызматтан кетүү жөнүндөгү арызын кабыл алды. Анын ордуна Ооганстанга учурда АКШнын Борбордук командачылыгын башкарып жаткан генерал Дэвид Петреус жөнөтүлүүдө. Обама бул тууралуу Ак үйдө генерал МакКристал менен жолуккан соң жарыялап, буларды белгиледи:

-Жакында жарыяланган макаладан көрүнгөн жүрүм –турум командачылыктагы генерал кармануучу стандарттарга жооп бербейт. Бул куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөл жүргүзүү боюнча биздин демократиялык системабызга, Ооганстандагы биздин максаттарга жетүүдө командабыз бирге иштөө үчүн зарыл болгон ишенимге шек келтирет.

Барак Обама ошондой эле генерал МакКристалды иштен жеке таарынычынан же Ооганстандагы стратегия боюнча пикир –келишпестиктен улам бошотпогонун кошумчалады. Жакында америкалык “Rolling stone” журналында жарыяланган макаласында генерал МакКристал АКШ администрациясынын айрым жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн, анын ичинде вице-президент Жой Байдендин, Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүл Ричард Холбруктун дарегине терс пикирлерин айткан. Макаладагы сөздөрү үчүн МакКристал кечирим сурады.

Ооган президенти Хамид Карзай Барак Обаманын чечимин урматтарын билдирди. Карзайдын айтымында, ал МакКристалдын ордуна Дэвид Петреустун келишин колдоду. Ал мурдараак эгер МакКристал кетсе, ооган согушунда жетишилген соңку ийгиликтер үзгүлтүккө учурарын айткан. Ооганстанга кетип жаткан генерал Петреус жетектеп келген Борбордук командачылык АКШнын Жакынкы чыгыштагы, анын ичинде Ирак менен Ооганстандагы аскерий операцияларына көзөмөл жүргүзөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG