Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Жалал-Абатта кырдаал турукташып калды


Жалал-Абат областынын коменданты Кубатбек Байболовдун билдиришинче, аймакта абал турукташып келе жатат. Буга чейинки күндөрдө оор кылмыштар катталган эмес, ар түрдүү майда тартип бузуулар менен 10 киши кармалган. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал алдыдагы референдумга байланыштуу аймакта даярдык иштери планда бекитилген тартипте жүрүп жатканын кошумчалады.

Областта газ кызматынан башка бардык социалдык объекттер иштеп жатышат. Кубатбек Байболов эгер бүгүн шаарга газ берилбесе, газ кызматынын жетекчилигине карата катуу чаралар көрүлөрүн эскерткендигин билдирди. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG