Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Орусия Беларуска газ берүүнү кайра жандандырууда


Орус президенти Дмитрий Медведевдин басма сөз катчысынын билдиргенине караганда, Газпромдун башчысы Алексей Миллер президентке телефон чалып, Беларус карызынан толугу менен кутулганын жана газ кайрадан бериле баштарын кабарлады. Газпром ушул аптада Беларуска кетип жаткан көгүлтүр оттун басымын 60%га чейин азайткан эле. Кечээ Беларус карызы үчүн 187 миллион доллар которгонун билдирген. Минск ага катар эгер Газпром транзит үчүн 260 миллион доллар өлчөмүндөгү карызын төлөбөсө, орус газы менен мунайы Европаны көздөй агуучу куурларды жабарын эскерткен.

XS
SM
MD
LG