Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

К.Дүйшөбаев: бакиевчилер менен террорчулар бирге болгон


Түштүктөгү окуяларда бакиевчилер менен террорчул кыймылдар бирге аракеттенишкен. Бул туурасында Улутук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында билдирди. Анын билдиришинче, Максим Бакиев 2010-жылдын апрель айында Араб Эмиратындагы террордук кыймылдын мүчөлөрү менен жолугушкан. Мындан тышкары май айынын башында Бакиевдин үй-бүлөсүнүн эки өкүлү Ооганстанда өткөн Талибан, Өзбекстандын Ислам кыймылы жана Бириккен тажик оппозициясынын катышуусундагы жыйынга катышып, Өзбекстандын Ислам кыймылынан Кыргызстандагы абалды дестабилдештирүү үчүн жардам алуу тууралуу макулдашкан. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн бакиевчилер эл аралык террорчуларга 30 миллион доллар сыйлык акча убада кылышкан. Кеңешбек Дүйшөбаев бул маалыматтар боюнча далилдер жетиштүү экендигин кошумчалады. Ал эми буга чейин мурунку президент Курманбек Бакиев түштүктө болгон окуяларга анын жакындарынын эч тиешеси жок экендигин билдирген эле. (AzK)

XS
SM
MD
LG