Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

К. Дүйшөбаев: Түштүктөгү окуяларга мурдагы айрым чиновниктердин тиешеси бар


Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүнкү маалымат жыйында Кыргызстанда акыркы мезгилдеги окуяларга Эсеп палатасынын мурунку башчысы Искандербек Гаипкулов жана мурунку өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар экендигин билдирип, учурда тергөө жана аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Ал мындан башка да саясатчылардын тиешеси бардыгы тууралуу маалыматтар текшерилип жатканын кошумчалады. Камчыбек Ташиев өз кезегинде бул кинелерди негизсиз деп атап, түштүктөгү окуяларда элдин тынчтыгын сактоо аракетин көрүп жүргөндүгүн билдирди. Ал мындай негизсиз маалымат тараткандыгы үчүн УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Кеңешбек Дүйшөбаев андан кечирим сурашы керек деп билдирди.(AzK)

XS
SM
MD
LG