Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:39

Пакистанда америкалык 5 жаран соттолду


Пакистан соту АКШнын 5 жаранын террордук чабуул уюштурууну пландаган деген айып менен 10 жылга абакка кести. Алардын бардыгы жаш мусулмандар. Экөө теги пакистандык, калгандары Египет, Йемен жана Эритреядан. Алар былтыр декабрда Саргодха шаарына келээри менен кармалышкан. Тергөөчүлөрдүн айтымында, алар Пакистанда теракт даярдап жаткан согушкерлер менен электрондук почта аркылуу байланышып турушкан. Жана ошол кол салууларга катышмак. Бирок соттолгондор Пакистан аркылуу Ооганстанга гуманитардык миссия менен баратканын айтып, айыптарды четке кагып келатышат. Алар АКШнын Борбордук чалгындоо бюросу (ФБР) менен Пакистан полициясын кыйноого алган деп айыпташууда.

XS
SM
MD
LG