Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:34

“Эрк” партиясынын лидеринин унаасы Сосновкадан кармалды


Бул тууралуу “Эрк” партиясынын лидери, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Шайырбек Маматокторов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, МАИ кызматкерлери анын унаасын токтотуп, “документтери туура эмес”- деп унаасын айып төлөө жайына токтотуп коюшту.

“Бүгүн Оштогу коогалаңдагы айрым кандуу окуялар, гумжардамды алып-сатууга аракет кылган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тууралуу маалымат жыйынын өткөргөндөн кийин референдумдун алдында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн жаңы Конституциянын көп нускасын салып алып Ошко бара жаткам. Милициянын майору Нурбек Молдогазиев унаамды мыйзамсыз айып төлөө жайына токтоттурганы, анын референдумду ийгиликтүү өткөрүүгө кызыкчылыгы жоктугунан кабар берет”,-дейт Ш.Маматокторов.

Ал эми милициянын майору Н.Молдогазиев болсо Ш.Маматокторовдун айдоочу күбөлүгүнүн мөөнөтү февраль айында бүткөнүнө байланыштуу анын унаасын мыйзамдын чегинде айып төлөө жайына токтотушканын билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG