Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Жалал-Абадда баш-аламандыктарды уюштурду деп шектелгендер кармалды


Бүгүн Сузак районунун Кара-Март айылында комендант Кубатбек Байболовдун жетекчилиги менен атайын операция жасалып, жыйынтыгында эки киши колго түшүрүлүп, үчөө качып кетүүгө үлгүргөн. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул адамдар областта эки айдан бери жүрүшкөн. Алар Кара-Жыгач жайлоосунда эки чатыр орнотуп алып жашашкан. Аларды жергиликтүү чабандын тууганы азык-түлүк менен камсыз кылып турган. Чатырдан автоматтын жана снайпердик куралдын октору, 2 рация, баңги заттары табылды. Бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Кармалгандардын аттары тергөө кызыкчылыгына байланыштуу айтылбайт. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG