Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Обама менен Медведев Кыргызстандагы окуяларды да талкуулашмакчы


Орус президенти Дмитрий Медведев бүгүн Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен жолугушмакчы. Лидерлер өз ара соода алакаларды жана инвестицияларды көбөйтүү маселелерин сөз кылышат. Шаршембиде Медведев жогорку технологияларга инвестиция тартуу максатында Силикон өрөөнүндө болду. Cisco Systems компаниясы келээрки 10 жыл ичинде Россияга 1 миллиард инвестиция салууга даяр. Фирма Москванын жанындагы Сколково деген жерде жаңы технологиялык борбор курууга жардамдашмакчы. Обама менен Медведев Иран жана Түндүк Кореянын атомдук программаларын, ошондой эле Кыргызстандагы окуяларды талкуулашат деп күтүлүүдө. Обама бийликке келген 17 айдан бери эки президент ушуну менен 7-ирет кездешет.

XS
SM
MD
LG