Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

Алматыдагы кыргыздардын референдумга тилектештик акциясы өттү



Бүгүн Алматы калаасында үч жүздөй кыргызстандыктар чогулуп, 27-июндагы референдумду колдоо иретинде акция өткөрүштү. Анын жүрүшүндө референдумга активдүү катышуу жөнүндө үндөө сөздөр сүйлөндү, 7-апрелде Бишкектеги окуяларда курман болушкан жана жакында Ош, Жалал-Абад аймагында тополоң маалында каза тапкан жарандарга арналып курмандык чалынып, куран окутулду.

«Кыргызстандын биримдиги үчүн, тынчтыгы үчүн Алматыдагы кыргызстандыктарды уюштуруп, аларды референдумга көбүрөөк катышып берүүгө үндөп жатабыз», -деди бул иш чараны уюштуруп жаткан Кыргызстандын Алматыдагы соода өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Улан Момуналиев.

Алматыдагы кыргыздар ошондой эле өздөрү каражат топтошуп, Ош жана Жалал-Абаддагы калабалуу окуялардан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн 20 баласына Ысык-Көлдө эс алуу уюштуруп бергени жатышат. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG