Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Ош жана Жалал-Абад облустарында коменданттык саат токтотулат


Бул тууралуу Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кечээ жалпы элге кайрылуусунда билдирди. Анын айтымында, кырдаал оңолгон сайын өзгөчө абал киргизилген аймактарда 26-июндан тартып коменданттык саат алынып салынат.
“Бирок ар бир шайлоо жайларында, шаарларда, айылдарда шайлоочулардын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун күчөтүлгөн чаралары көрүлөт",-деди Р. Отунбаева.
Ал ошондой эле референдумду өткөрүүгө каршы карсанатай күчтөр бир нече ирет жарандык согушту тутандырууга аракет кылышып, өлкөдө баш аламандыкты, туруксуздукту жаратууну көздөп жатышканын белгиледи.
Өткөөл мезгилдин президенти 27-июнда Кыргызстан эли жаңы Конституцияга макул деп айтуу менен мамлекеттин саясий түзүлүшүнүн түп тамырынан өзгөрүшү, атуулдардын укугунун артыкчылыгы үчүн добуш бере тургандыктарын айтты.

Айрым саясатчылар түштүктөгү кырдаалга байланыштуу референдумду өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу керектигин айтып чыгышса, айрым саясий күчтөр референдум өткөрүүгө каршы пикирлерин билдиришкен.

Маалыматтарга караганда жекшембиде өтүүчү референдумда жаңы Конституциянын долбоору, аны таануу, Өткөөл мезгилдин президенттигине Роза Отунбаевага макул же жок деген добуш берүү маселеси коюлмакчы. (AJ)

XS
SM
MD
LG