Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:47

Р.Отунбаева: Элдерибиздин достугу, бир туугандыгы ыйык жана кымбат


Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева теле кайрылууда Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуяларда жакындарынан жана туугандарынан айрылган адамдардын жүрөгүндөгү күйүтүнүн илеби кайта электигин белгилеп, “Убактылуу Өкмөт сиздерге дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтат”,-деди.

Ал ошондой эле Убактылуу өкмөт Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө, элдердин тынч жашоого, айрыкча качкындардын өзүнүн турагына жапырт кайтып келүүсүнө, талкаланган жана өрттөнгөн турак жайларын, бизнестерин калыбына келтирүүгө багытталган чукул чараларды көрүп жатканын белгилеп, чыр-чатак чыккан аймактарды калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлгөнүн билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG