Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Көчө балдары коргоого муктаж


Учурда өлкөдөгү курч кырдаалга байланыштуу көчө балдарынын саны өстү. Бишкек шаарында кайыр сураган жана жылуулук куурлары өткөрүлгөн жер төлөдө жашаган балдар көбөйдү. Бул тууралуу Акыйкатчыанын аппаратынын балдар жана жаштардын укуктарын коргоо бөлүмүнөн билдиришти. Алардын маалыматына караганда ИИМ кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлгө алууга күчү жетпей, балдар арасындагы профилактикалык иштер четте калган.
Акыйкатчынын аппараты ар бир кыргыз жаранына жана тиешелүү уюмдарга кайрылып, ушундай оор кырдаалда кароосуз калган балдарга жардам берүү зарылдыгын белгилеп, Бишкек, Ош шаарларында киризистик акыбалда калган балдар боюнча Акыйкатчы аппаратына маалымат берүүсүн өтүнгөн. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG