Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Түштүктөгү этникалык өзбектер коопсуздугунан кооптонууда


Өткөндө жоокерлердин аракети элдин кооптонуусуна түрткү берди. Милиция кызматкерлеринин туура-эмес иш аракеттеринен кийин элдер коопсуздугуна көп ишенбей калды. Бул тууралуу Жалал-Абаддык укук коргоочу Абдиназар Маматисламов билдирди. Анын айтымында, шаарда коопсуздук маселесинен чочулаган элдин референдумга келиши арсар.

Ал эми Оштук укук коргоочу Рафшан Гапиров болсо ошто адамдардын коопсуздугу камсыздалбаганын айтып, Нариман айылында кечээ кечке маал күч структуралары тазалоо иштерин жүргүзөбүз деп жергиликтүү тургундарга ыдык көрсөтүп жатканы тууралуу маалымат бар экендигин билдирди. Анын айтымында коопсуздугунан чочулаган атуулдардын жарымы референдумга барбай коюшу мүмкүн.

Ош облусунун комендантынын орун басары Бахтияр Фаттахов болсо облуста атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу багытында бардык аракеттер көрүлүп жатканын белгилеп, күч органдарынан жабыркагандар арыз жазып тиешелүү органдарга кайрылуусу керектигин айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG