Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Канадага бүгүн дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери чогулууда


Бүгүн Торонто шаарынан 200 чакырымдай алыстыкта Чоң сегиздин тобуна кирген өлкө башчыларынын жолугушуусу өтөт. Ал эми эртең жана бүрсүгүнү Торонтодо Чоң жыйырманын тобуна кирген өлкөлөрдүн саммити болот. Буга байланыштуу шаарда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Саммитте экономикалык маселелер талкууланмакчы. Европанын көптөгөн өлкөлөрү бюджет таңкыстыгына каршы күрөшүү үчүн салыктарды көбөйтүп, чыгымдарды азайтып жатканы менен АКШ саммитте экономиканын кайра жандануусун тездетүү үчүн аны стимулдаштырууну улантууну жактары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG