Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

Жалал-Абадда шайлоочулар 81 миң адамга кыскарды


Бул тууралуу облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов дубандагы кабарчыбызга билдирген. Ашымов шайлоочулар саны негизинен ички жана тышкы миграция айынан азайып жатканын белгилеген. Буга чейин айрым ММКларда жарыяланган “түштүктөгү улут аралык коогалаңдын айынан обулуста шайлоочулар 403 миң кишиге кыскарган” деген маалыматты ал төгүнгө чыгарды. Жалал-Абад облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы дубан референдумга даяр экендигин билдирип, жалпы элдик добуш берүү ачык айкын өтүшүнө бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG