Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Тажикстанда согушкер деп шектелген төрт адам соттолду


Өлкөнүн Жогорку сотунун кечээги маалыматына караганда, тыюу салынган исламчыл топтун төрт мүчөсү 18 жылга чейин түрмөгө кесилди. Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырган, диний негизде жек көрүү маанайын жараткан деп айыпталган ал төрт адам “Хизбут-тахрирдин” мүчөсү деп табылган. Рейтер агенттигинин кабарына караганда, Тажикстан быйыл “Хизбут –тахрирге” тиешеси бар деген шек менен 26, тыюу салынган башка экстремисттик топтор менен алакада турат деп эсептелген 50дөн ашуун кишини түрмөгө салган.

XS
SM
MD
LG