Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

Укук коргоочулар А.Бекназаровдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты


Укук коргоочулар кеңеши бүгүн Жогорку Кеңеш имарат алдында митинг өткөрүшүп, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Базар-Коргон РИИБинде кыйноолорго туш болуп жатышына кош көңүл мамиле жасаган убактылуу өкмөт башчысы Азимбек Бекназаровдун кызматтан чегинүүсүн талап кылышты. Сот жана прокуратура органдарына көзөмөл салып, бирок Аскаровдун ишине кийлигишпеген Бекназаров, укук коргоочулардын пикиринде, көз карандысыз сот органдарынын принциптерин бузууда.

Учурда референдумга карата түштүктө аймактарды кыдырып жургөн убактылуу өкмөт мүчөсү Азимбек Бекназаров "Азаттыкка" Азимжан Аскаровго байланыштуу тергөө иши жүрүп жаткандыгын айтып, укук коргоочуларды ага кийлигишпестен өздөрүнүн уставдык иши менен алек болуусун өтүндү. (EK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG