Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Чехиянын өкмөтү бийликтен кетти


Премьер-министр Ян Фишер бүгүн кабинеттин кызматтан бошонум сураган арызын президент Вацлав Клауска тапшырды. Өлкөдө өткөн айдын этегинде жаңы парламент шайланган, бүгүн анын биринчи сессиясы ачылды. Жаңы өкмөт түзүү мандаты Жарандык демократия партиясынын лидери Петр Нечасуга берилген. Парламентте көпчүлүк орунга жеткен оңчул үч партиянын ортосунда коалциялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрдө бүтөт.

XS
SM
MD
LG